Бишкек шаарында биринчи жолу ротордук унаа токтоочу жай орнотулууда. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Орто-Сай" базарынын аймагындагы Безымянная көчөсүндө орнотулуп жаткан 10 орундуу унаа токтоочу жай сыноо иштери жүргүзүлгөндөн кийин иштей баштайт.
Аталган жайды мэриянын "Муниципалдык унаа токтоочу жайлар" жана "Могилёвлифтмаш" ишканаларынын өкүлдөрү биргеликте курууда.
"Аянты туура келген аймактарга көп кабаттуу унаа токтоочу жайларды куруу пландаштырылууда, ал эми чектелген жерлерде ротордук унаа токтоочу жай орнотулат", - деп билдирди мэрия.