Бишкекте премиум класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК Бишкек шаарынын түштүк аймагынан көп кабаттуу үй куруу үчүн жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
"2005-жылы жер тилкесин ижарага берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясы курулган турак жайдын 13 пайызын мэрияга берүү шарты менен келишим түзгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө 1,5 гектар аянтка көрктөндүрүү, коопсуздук жана техникалык камсыздоонун заманбап технологиялары (акылдуу үйлөр, акылдуу короолор, лифттер) менен жабдылган 7 блоктон турган элиталык “Н.Р.” турак жай комплекси курулгандыгы аныкталган. Жалпысынан 166 батир курулуп, жалпы аянты 19 миң 70 чарчы метрди түзөт.
Бирок долбоорду ишке ашыруу процессинде, балким, коррупциялык байланыштарды пайдалануу менен, ижарачынын жана куруучунун демилгеси боюнча, муниципалдык кызмат адамдарынын тымызын көмөгү менен, соттун чечиминин негизинде батирлердин бир бөлүгүн мэриянын пайдасына өткөрүп берүү жөнүндө милдеттенме келишимден алынып салынган", - деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жүрүшүндө 24 батир же жалпы санынын 14 пайызы мамлекетке өткөрүлүп берилди. Берилген турак жайдын жалпы аянты 2685,9 чарчы метрди түзөт. Өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктөр 3 бөлмөлүү кенен батир болуп, ар биринин аянты болжол менен 120 чарчы метр.
Бул кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.