Алматы аэропортунда барымтадагы кызды куткарып калган казакстандык Муса Абдраим куткарылган кыз жана анын жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
"Бүгүн карындашыма барып келдим, абалы жакшы. Жакшы гана күндөр болсун", - деп билдирүү калтырган ал.
Белгилей кетсек, 7-мартта Казакстандын Алматы аэропортунда жүргүнчү имараттын ичиндеги кызматкерди бычак менен коркутуп, барымтага алган.
Көп өтпөй аэропортто жүргөн эркек адам кыздын ордуна өзүн сунуштап, барымтага түшүп берген. Бычак көтөргөн адам менен сүйлөшүү учурунда ал ыкчамдык менен кылмышкердин колунан бычагын тартып алып, андан кийин колго түшүргөн.
Окуядан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кылмышкерди зыянсыздандырган адамдын эрдигин жана эпчилдигин белгилеп, аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү буйруган.