Азамат Марипов Бишкектеги №1 тергөө абагына 7-майга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 10-мартта Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан ырастады.
Маалыматка ылайык, райондук сот тиелешүү чечимди 9-мартта кабыл алган. Аны камакка алуу өтүнүчүн судьяга Ички иштер министрлигининин тергөөчүсү берген. Мариповго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен айып тагылган.
Азырынча ИИМ бул тууралуу маалымат бере элек.
Буга чейин Азамат Марипов Facebook социалдык тармагында президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев менен президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун дарегине сын айткан видеолорду жарыялап келген.
Белгилей кетсек, Марипов Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси болот. Ал былтыр апрель айынын башында бейбаштыкка шектелип кармалган "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрүнүн арасында болгон. Кармалган 6 адам, анын ичинде Марипов дагы былтыр 10-сентябрда Ленин райондук соту тарабынан акталган.