Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ленин РИИБинен билдирди.
Маалымдагандай, былтыр 9-январда милицияга шаар тургуну алдап кеткен чала таанышынын үстүнөн арыз жазган. Шектүү 2023-жылдын ноябрь айында жабырлануучунун ишенимине кирип, Москвадан Wildberries интернет дүкөнү аркылуу байпактарды алдырып берем деген убадасы менен анын 300 миң рублун алган соң дайынсыз болуп кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген 27 жаштагы жаран 6-мартта Москвадан учак менен Ош аэропортуна келип конгондо милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын баш коргоо чарасы Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып, электрондук билерик тагуу менен камактан бошотулду. Учурда тергөө иштери уланууда.