SUPER.KG порталы Бишкектеги «Үмүт үйү» карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык мекемесинде 8-мартка карата уюштурулган "Апалар ажары" аталышындагы иш-чарадан видеорепортаж даярдады.
Сынакка катышкан апалар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, калыстар тобунун, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Бул күнү карыларга майрамдык маанай, көңүл буруу жана камкордук тартууланды.
Мекеменин жетекчиси Нурлан Галбаев социалдык мекемедеги ар бир жаран керектүү буюмдар менен камсыздалып, төрт маал тамак-аш берилерин кошумчалады.
"Мекемедеги ар бир адамга күнүнө тамак-ашына 200 сом бөлүнөт. Төрт маал тамак берилет", - дейт мекеменин жетекчиси Галбаев.
Толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.