Нарында баасы 100 миллиондон ашкан өндүрүш объектиси жер тилкеси менен мамлекетке өттү

Нарын облусунда 5,5 гектарга жакын жер мамлекеттин карамагына өттү. Бул туурасында Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Кочкор жана Жумгал райондорунун прокуратурасы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөн.
Натыйжасында Кочкор районунан 100 миллион 750 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлк 5,09 гектар жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Ошондой эле Чаек айыл аймагындагы калктуу конуштагы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 5 миллион сомдук 0,23 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилгендиги маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан