
Бишкекте аялына зордук-зомбулук көрсөткөн эркек киши кармалды. Бул туурасында Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 26-февралда милицияга К.И. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда жолдошу ошол эле күнү саат болжол менен 18:00 чамасында ур-токмокко алып, белгисиз курч буюм менен денесине жаракат келтирген.
Бул боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 138-беренесине (Уруп-сабап кыйноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Х.А., аттуу жаран үй-бүлөлүк зомбулук факты боюнча шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун ар бир фактысы райондук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүндө экендиги маалыматта кошумчаланган.