Бишкектеги Учкун конушунда 140 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, долбоор капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
"Эки кабаттуу бала бакчанын аянты 1908 чарчы метрди түзүп, жалпы жер тилкесинин аянты - 0,83 гектар. Анда наристе, кенже, жогорку жана мектепке даярдоо тайпаларынан турган 6 топ иштейт. Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастика сабактары үчүн өзүнчө залдар каралган. Мындан тышкары, бала бакчада медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр да болот. Ар бир тайпа үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат", - деп айтылат маалыматта.
Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктагандыгы маалыматта кошумчаланган.