Ошто 5 күндүк рейд жүрүп, чет элдиктерге 600 миң сомдон ашык айып салынды

Ош облусунун аймагында 4-марттан 9-мартка чейин "Нелегал" аталышындагы рейд жүргүзүлүп, 12 кылмыш иши аныкталды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалымдагандай, мыйзамсыз чек араны бузуп өтүү боюнча 2, диний экстремизм багытында 2 жана башка багыттар боюнча 8 факты аныкталып, 215 чет элдик жаранга профилактикалык алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле Укук бузуулар кодексинин беренелери менен жалпы 114 протокол түзүлүп, 640 миң 500 сом айып пул салынган.

Облустук милиция чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо, ар кандай чагымчыл күчтөрдүн чакырыгына азгырылбоо, кандайдыр бир көйгөй жаралса ички иштер органдарына кайрылуу тууралуу эскертилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан