ТИМ АКШда каза болгон кыргызстандык үй-бүлө тууралуу билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлиги АКШнын Иллинойс штатында кыргызстандык үй-бүлөнүн өлүмү боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, бардык жагдайларды тактоо үчүн Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу АКШнын укук коргоо органдарына ыкчам түрдө кайрылды.

АКШнын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кыргыз жарандары: 1980-жылы туулган М.А., анын 1977-жылы туулган жубайы жана алардын 2019-жылы туулган уулунун жансыз денелери табылган.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулук принциби үчүн окуянын чоо-жайы айтыла элек.

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу укук коргоо органдары жана каза болгондордун туугандары менен туруктуу байланышта. Ошол эле учурда сөөктөрдү мекенине жеткирүүгө байланыштуу бардык маселелер иштелип чыгууда.

Бул иш Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун өзгөчө көзөмөлүндө.

Айта кетсек, буга чейин АКШда жашаган кыргызстандык үй-бүлө белгисиз жагдайда киши колдуу каза болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан