Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Глобал Корумтор Майнинг" ЖЧКсын мыйзамсыз банкроттук жол-жобосу боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башчысы Р.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Тактап айтканда, Р.Б. "Глобал Корумтор Майнинг" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жогоруда аталган компанияга мамлекетке салык карызы жок экендиги тууралуу маалыматтык катты мыйзамсыз берип, анын банкрот деп табылышына өбөлгө түзгөн. Р.Б. жалган маалым кат берүүнүн изин жашыруу максатында МСКБнын маалымат базасына "Глобал Корумтор Майнинг" ЖЧКнын мамлекетке 213 миллион 134 миң 589 сом карызы тууралуу маалыматты киргизген.
Натыйжада "Глобал Корумтор Майнинг" ЖЧКсы банкрот деп табылып, мамлекеттин кирешесине 213 миллион 134 миң 589 сом өлчөмүндө милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн мыйзамсыз бошотулган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыш ишинин алкагында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.