Бишкекте 19, 20 жаштагы жигиттер баңгизат катып жүргөн жеринен кармалышты (видео)

Бишкек шаарында баңгизат таратууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-мартта жол тескөөчүлөр түнкү иш учурунда Көл жана Беларус көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки адамдын күмөн жараткан аракеттерин байкашып, дароо текшерүүгө алышкан жана бул боюнча милицияга кабарлаган. Жерине барган милиция кызматкерлери алардын жанынан баңгизаттарды табышкан. Ошондой эле шектүүлөр жалпы салмагы 75 граммды түзгөн ошол эле аймактын ар кайсы жерлерине катылган баңгизаттарды алып чыгышкан.

Шектүү делип кармалган 20 жана 19 жаштагы жигиттер Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алынды. Ал эми баңгизаттар экспертизанын жыйынтыгы менен мефедрон аттуу синтетикалык зат экендиги аныкталды.

11.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан