"Ачкычы сайылуу экен". Караколдо кафе алдындагы унааны айдай качкан адам максатын айтты (видео)

Каракол шаарында унаа уурдап качты делген шектүү бат эле кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалымдалгандай, бүгүн, 11-мартка караган түнү "Санжыра" кафесинин алдында токтоп турган ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны белгисиз адам айдап качкан. Факты боюнча ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, өздүк курам тартылган. Натыйжада шектүү изи сууй электе колго түшүрүлгөн. Кармалган Ак-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну Каракол ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

ЖКККББ жарыялаган видеодо ал унаанын ичинде ачкычы сайылып тургандыктан айдап кеткенин, максаты күйүүчү майы түгөнгүчө шаар кыдыруу болгонун айтып бергенин көрүүгө болот.

11.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан