Борбор калаада көпүрө өтмөктөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө
“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы көпүрө өтмөктөрүн тазалоо иштерин улантууда. Калаа мэриясы мындай иштер атайын насос жабдууларды колдонуу менен жүзөгө ашырыларын айтты.
Ага ылайык, жумушчулар арыктарды таштандылардан тазалоодо.
Учурда Абдрахманов, Гоголь, Чортеков, Темирязов, Алыкулов, Ауэзов жана Анкара көчөлөрүндө, Кара-Жыгач, Көк-Жар кичи райондорунда иштер жүрүп жатат.