Жалал-Абадда жасалма доллар берип, карызынан кутулууну көздөгөн жаран кармалды

Жалал-Абад шаарында жасалма доллар менен карызынан кутулууну каалаган жаран кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 5-мартта шаардык милицияга Р. И. атту жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 20:20 чамасында “Акрам” аттуу таанышы ага 8700 доллар карызын алып келип бергенде, ал Илхомбек деген таанышына алып барып берүүнү өтүнгөн. Берилген доллар жасалма экендиги аныкталган. Натыйжада Р. И. 760 миң 728 сом материалдык зыян тарткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-берене (Жасалам акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1984-жылы туулган Н.А. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын жанынан дагы 87 даана жасалма 100 долларлык алынган.

Учурда соттук-техникалык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан