Бишкекте катталган массалык мушташ Насирдин Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун студенттеринин ортосунда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, мушташтын бардык катышуучулары аныкталып кармалган жана райондук милицияга жеткирилген. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Буга чейин социалдык тармактарда борбор калаадагы Ататүрк эс алуу багынын ичинде мушташып жаткандардын видеосу тараган болчу.