Эмомали Рахмондун Бишкекке сапарына байланыштуу милиция шаардыктарга кайрылды

12-13-март күндөрү Бишкек шаарына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары менен келишине байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.

Ага байланыштуу шаардагы жогорку окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар көрсөтүлгөн күндөрү онлайн-форматка өтөт. Ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу максатында шаардын стратегиялык жолдору жана айрым көчөлөрү жабылат.

"Бардык шаардыктарды жана борборубуздун конокторун жол кыймылынын чектелүүсүнөн улам келип чыккан тыгындарга жана ыңгайсыздыктарга жол бербөө үчүн иштериңиздерди алдын ала пландоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан