Бишкекте ызы-чуу кылып жаткан мопеддер айып короо жайына жеткирилди (видео)

Бишкекте мопед, скутер айдагандарга рейд уланууда. Учурда 257 мото-сутер айып короо жайына токтотулду. Бул туурасында ЖКККББынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бир аптада 400дөн ашуун жол эрежелерин бузган мото-скутерлердин айдоочуларына айып салынды. Алардын ичинен тийиштүү докумменттери жок 257си айып короо жайына токтотулду.
"Акыркы учурларда мотоцикл, мопед, скутер өңдүү каражаттарды айдаган жарандардын чоң жолдорго чыгып, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратып, же жөө жүргүнчүлөдүн өмүрүнө коркунуч алып келген учурлар көп катталууда. Айрыкча буйрутма курьердик, тез жеткирүү тармагында иштеген мото-скутерлердин айдоочулары тарабынан жол эрежелерин бузуу фактылары көбүрөөк кездешүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, рейддик иш-чара мындан ары да улантылат.
Бишкекте ызы-чуу кылып жаткан мопеддер айып короо жайына жеткирилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан