Ош шаарында 17 жаштагы Күмүшай Тиланова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Кыздын апасынын маалыматына ылайык, 25-февраль күнү саат 14:30 чамаларында Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө кызы менен коомдук транспортто бирге бара жатып, кийин түшө турган аялдамага келгенде кызын таппай калган. Анын кызы жолдо түшүп калган.
Апасы кызы ушул күнгө чейин дайыны жок болуп жаткандыгын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.
Өзгөчө белгилери: Жашыл курткачан, кара шымчан болгон.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү Күмүшай Тиланова тууралуу маалыматы барларды
(03222) 4-82-82,
0990 90 79 18 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат.