Алмазбек Мирзалиев: “Канттык “Абдыш-Ата” менен келишимим бүткөн”

Бүгүн, 9-январда “Абдыш-Атанын” футболчусу Алмазбек Мирзалиев SUPER.KG порталына маек куруп, канттык “Абдыш-Ата” менен келишими бүткөнүн жана кийинки сезондо башка клубдун курамында да ойноп калышы мүмкүн экенин билдирди. Эске салсак, 15-ноябрда орун алган “Алга” жана “Дордой” командаларынын беттеши менен Кыргызстанда 2013-жылдын футболдук сезону аяктаган. Кийинки сезон жаз айларында башталат. Учурда клубдарда түрдүү жаңылыктар катталып жатат. Акыркы жаңылыктардан айтсак, Ош шаарынын “Алай” командасы курамына “Абдыш-Ата” жана “Алга” клубдарынан 7 футболчу ижарага алуу аракетин көрүп жатат. “Алайдын” бул кадамы “АФКнын Кубогу үчүн курамын күчтөндүрүп жатат” деген ой менен түшүндүрүлгөнү менен, клуб ал оюнчулар менен кийинки сезондо да иш алып баруусу мүмкүн.

 - Алмазбек, учурда “Алай” футболдук клубу АФКнын Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн курамын күчтөндүрүп жатат. Сага чакыруу түштүбү?

- Ооба, клубга анан мага расмий чакыруу келип түштү. Бул тууралуу азырынча ойлонуп жатам. Жакын арада баары белгилүү болот. Балким, “Алайдын” курамына кошулам. Негизи, оштук клуб АФКнын Кубогуна күчтүү курам менен барып, жакшы оюн көргөзүү үчүн ушул чечимге келди. Бул кыргыз футболу үчүн жакшы нерсе деп баалайм.

- Акыркы сезондо канттык “Абдыш-Атанын” курамында ТОП-Лиганын башкы бомбардири болдуң. Канттык клуб коё береби?

- Клуб менен менин келишимим соңуна чыккан. Ким билет, балким, кийинки сезондо “Абдыш-Атанын” курамында ойнойм. Мунун баарын жакын арада талдап, тиешелүү чечимди чыгарам. Чет жактарга кетүүгө да мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок 2014-жылкы сезондо 70 пайыз Кыргызстандын лигасында ойнойм. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан