
Ош шаарында 17 жаштагы
Роза Мамасадыкова дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 2008-жылы туулган Роза Мамасадыкова 8-март күнү саат 12:00 чамаларында Ош шаарындагы А.Навои мектебинин маңдайында жайгашкан аялдамада бир аз туруп, апасынын алаксып калганынан пайдаланып, түндүк тарапка карай басып кеткен боюнча үйүнө кайрылган эмес.
Кийген кийимдери: Башында кара жоолук, үстүндө кара жемпир, кара шым болгон. Бутунда кышкы кара түстөгү бут кийим.
Ош ШИИББи дайынсыз жоголгон кыз тууралуу маалыматы барларды төмөндөгү телефон аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. 03222) 4-82-82,
0990-90-79-18.