Бүгүн, 12-мартта Ош облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөөдөн улам бир турак үй жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсүнөн Кара-Суу районунун Мады айылынындагы турак үйдө эки бөлмөнүн ортосунда чийки кыш менен тосулган тосмо кулап түшкөнү кабарланды.
ӨКМ учурда жарандык коргонуу комиссиясы Жоош, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы турак үйлөрдө, социалдык объекттерде тактоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, 12-мартта саат 09:11де Ошто күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталганы
кабарланган.