Чоң-Алайдагы бала бакчада ата-бала каза болду

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы бала бакчада ата-бала газга ууланып каза болушту. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 8-март күнү милицияга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган Н.М. аттуу тургуну жана анын 2011-жылы туулган М.А. аттуу уулу ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Анын жүрүшүндө күбөлөр суралып, Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган Н.М. аттуу тургуну жана анын уулу Кашка-Суу айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде от жагуучу жайда кошумча кубаттагычтан (движок) чыккан газга ууланып каза болгондугу маалым болгон.

Каза болгон жарандын атасы 1957-жылы туулган Н.М. окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, маркумдардын жансыз денелерин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

"Учурда текшерүү уланууда, анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан