ӨКМ Ош облусундагы жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлар боюнча маалымат берди

Ош облусунун аймагында 12-мартта саат 09:11де катталган жер титирөөнүн кесепетинен дубан боюнча жалпы 25 турак үй, 12 мектеп, 1 бала бакча жана 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, Алай району боюнча 13 турак үй, анын ичинен 1 турак үй кооптуу. Ошондой эле Жаңы-Алай айылында турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон. Жалпы аталган райондо жабыркаган 7 турак үй камсыздандыруудан өткөн, 6 турак үй камсыздандырылган эмес.

Ал эми Кара-Суу району боюнча 12 мектеп, 12 турак үй, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган.

Жоош айыл аймагынан 7 мектептин, 1 бала бакчанын, 1 турак үйдүн, Ала-Тоо айыл аймагынан 1 мектептин, Датка айыл аймагынан 3 мектептин, Мады айыл аймагынан 7 турак үйдүн, 1 үй бүлөлүк дарылоо тобунун, Савай айыл аймагынан 1 мектеп, 3 турак үйдүн,
Баш-Булак айыл аймагынан 1 турак үйдүн дубалында жаракалар пайда болгондугу маалыматта кошумчаланган.

Аталган райондогу жалпы 4 турак үй камсыздандыруудан өткөн, калган үйлөр камсыздандырылган эместиги маалыматта белгиленген.

ӨКМ жеринде райондук жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан