SUPER.KG порталынын бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Эл артисти, куудул Абдылда Иманкулов болду.
Маектин жүрүшүндө куудул Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы театрда иштей баштаганын айтты.
"Билесиңби, азыр эмнени жакшы көрөм? Кемпиримди машинеме салып алып эле узак сапарда жүрө бергим келет. Кызык, ээ? Эч бир жерге баргым келбейт, көп сүйлөгүм келбейт, интервьюга далай чакырышат. Ортого киши салып да чакырышат, баргым келбейт. Бишкекте го “көчөдө тыгын” деп шылтоо кыласың. Жалал-Абаддын телеси маекке чакырышты. Шаар чакан, жөө деле басып барсаң болот. Бирок эч эле баргым келбейт, эмнегедир ушундай болуп калдым", - дейт Иманкулов.
Ошондой эле куудул учурда театрда жаңы спектаклдерди даярдап жатканын сөз кылып, алдыдагы пландары тууралуу дагы ой бөлүштү.
"Буюрса, март же апрелде элге тартуулайбыз. Жайында жайлоодо эс алсам деген пландар бар. Анткени жылкычынын баласымын, жайлоодо чоңойгом. Жан дүйнөм тоого тарта берет. Расул Гамзатов “адам өзүн бактылуу сезиш үчүн балалыгын жана карылыгын айылда өткөрүшү керек” деген экен. Ал деле оңой киши эмес да, туура айткан окшойт деп калам", - дейт куудул.
Маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.