Сокулукта мурдагы колхоздун үрөн кампасы мамлекеттин балансына өткөрүлдү

Чүйдүн Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы мурдагы "Карл-Маркс" колхозунун 1,24 гектар үрөн кампасы мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта УКМКдан билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, үрөн кампа имаратын жана ага таандык жердин бир бөлүгүн мурдагы айыл өкмөт башчысы С.Т. өз алдынча ээлеп, мыйзамсыз курулуш куруп, колдонуп келген. Ал эми үрөн кампанын негизги бөлүгүн жергиликтүү элдер ("Карл-Маркс" колхозун мураскерлери) пайдаланып келген.

Буга чейин үрөн кампасын муниципалдык менчикке өткөрүп, инвестиция тартуу максатында оңдоп түзөө жана жерге болгон мамлекеттик актысын алууда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалына айрым кызматкерлери жеке кызыкчылыктарынан улам кызмат абалынан пайдаланып, үрөн кампасын муниципалдык менчикке каттоодон баш тартып келгендиги аныкталган.

Учурда С.Т. ээлеп алган жерин өз ыктыяры менен бошотуп, кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан