Владимир Путин 30 күндүк элдешүүдө Украинадан кепилдикти талап кылды

Орусиянын президенти Владимир Путин болжолдуу 30 күндүк элдешүү мөөнөтү үчүн Украинадан кепилдик керек экенин айтты. Бул тууралуу ал Беларустун башчысы Александр Лукашенко менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынында билдирди.

"Биз ошондой эле 30 күндүк элдешүү учурунда Украина мобилизацияланбайт, аскерлерди машыктырбайт жана курал албайт деген кепилдикти каалайбыз", - деди Путин.

Ал кошумчалагандай, орус армиясы дээрлик бардык жерде алдыга жылып баратат. Андыктан согуш линиясындагы кырдаал кандай чечилери, ошондой эле көзөмөл маселелери кандай чечилери азырынча белгисиз.

"Булардын бардыгы эки тараптан тең тынымсыз изилдөөнү талап кылган маселелер", - деп кошумчалады ал.

Буга чейин Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф элдешүүнү талкуулоо үчүн Москвага учуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан