Дональд Трамп Гренландияга аскерлерин жиберип, аны аннексиялоо планын жарыялады

Америка лидери Дональд Трамп Гренландиянын (Даниянын автономдуу аймагы) АКШга кошулушун жокко чыгарбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдөгү жолугушууда журналисттерге билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

"Гренландиянын аннексияланышы ишке ашат деп ойлойм. Биз Гренландия боюнча келишим түзүшүбүз керек", - деди саясатчы.

Анын ою боюнча, арал курамына кирген Дания Гренландиядан өтө эле алыс.

"Алар буга укуктары бар экенин айтышат. Бул чынбы, билбейм. Мен, чындыгында, андай деп ойлобойм", - деген ал.

Ошондой эле Трамп АКШ Гренландиядагы аскерлерин көбөйтө аларын кошумчалады: "Силер ал жакка барган сайын көбүрөөк аскерлерди көрө аласыңар", - деп кошумчалаган Трамп.

Америкалык "Питуффик" космостук базасы Гренландияда жайгашкан, анда АКШнын Аскердик аба жана Космос күчтөрүнүн 200дөй кызматкери кызмат өтөйт. Алардын негизги милдеттеринин бири баллистикалык ракеталарды учурууну эрте аныктоо системасын башкаруу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан