Алмамбет Шыкмаматов архитекторлор менен дизайнерлерге кайрылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов архитекторлор менен дизайнерлерге кайрылып, салык төлөөгө чакырды. Бул кайрылууну мекеменин басма сөз кызматы таратты.
Айтымында, суроо-талапка ээ болгон эки кесип боюнча катталган ишкердик субъектилеринин 60 пайызы салык төлөбөй жатат.
"Салык кызматында катталган силердин кесиптик багыттагы ишкердик субъектилердин жалпы санынын 60 пайыз ар кандай жолдор менен көмүскөдө иштеп, өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны накталай түрдө, бартердик жол же жеке эсебине которуу менен алышып, салык төлөөдөн качып келишүүдө.
Мисалга алсак, "Мырза-Проект" ЖЧК, "ТУРАН констракшн" ЖЧК, "Данпроф-строй" ЖЧКсы сыяктуу отчет бербеген көптөгөн компаниялар бар. Ал эми "Аманат Инжиринг" ЖЧК жана "В климат" ЖЧКсы өз кызматкерлери үчүн киреше салыгын төлөшөт. Бирок жүгүртүүлөрү тууралуу маалыматты көрсөтпөй коюуну туура көрүшөт. Эгерде компанияда кызматкерлердин эмгек акысына каражат болсо, демек, ал иштеп, киреше таап жатат дегенди билдирет. Бул жерден мыйзам ченемдүү суроо жаралат – салыктар кана?
Салыктар – ар бир мамлекеттин экономикалык системасынын негизи болуп саналат. Бул ар бир жооптуу салык төлөөчүнүн, өлкөнүн патриотунун мамлекетти өнүктүрүүгө, инфратүзүмдү, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды, ооруканаларды, музейлерди жана театрларды курууга кошкон салымы.
Ошондуктан мамлекетти алдаганга аракет кылып, салык төлөөдөн качкандар баарынан мурда өздөрүн, балдарын, ата-энесин алдап, тоноп жатышат", - деген ал.
Ошондой эле ал курулуш компаниялары да салык төлөөдөн качууга аракет кылышарын айтып, аларга карата текшерүү күчөтүлөрүн кошучалаган.
"Мамлекеттик салык кызматы учурда силердин ишмердигиңердеги төлөмдөрдү жана каржылык агымдарды кылдат талдоодо. Көбүнчө бул сектордо курулуш компаниялары да салык төлөөдөн качууга аракет кылышат. Алар аныкталып, текшерүүлөр күчөтүлөт жана реалдуу кирешелерин жашырган бир дагы ак ниетсиз салык төлөөчү айып санкцияларынан жана туумдардан кутула албайт.
Анын үстүнө мамлекет бүгүнкү күндө бул үчүн бардык шарттарды түзүүдө. Алсак, ар бириңер Креативдүү индустрия паркынын резиденти боло аласыңар. Ал жерде жөнөкөйлөтүлгөн отчеттуулук жана салыктын максималдуу жеңилдетилген ставкалары белгиленген – 2027-жылдын 1-январына чейин жүгүртүүдөн бирдиктүү салыктын ставкасы – 1%, ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып – 2%, жалданма кызматкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 10 %дын ордуна 5%, ошол эле учурда жумуш берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 15 жылга бошотулат. Силердин ишмердигиңерге ылайыктуу болгон салык салуунун башка ыңгайлуу режимдери дагы бар.
"Көмүскөдөн" чыгып, салык төлөй баштаңыздар, суроолоруңар болсо кайрылгыла, чогуу биргеликте компромисстик чечим табабыз", - деген ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан