Жогорку Кеңеш кечээ, 13-марттагы жыйынында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоону жөнгө салуу" жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды. Ага каттоодон өткөн 80 депутаттын 69у макул болсо, калганы добуш берген жок.
Өлкө башчы Садыр Жапаров демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, президенттик "Акылман" лицейин аяктап, "Эл үмүтү" стипендиясы менен чет өлкөлөрдөн окуп келгендер жогорку окуу жайларына жана мамлекеттик кызматтарга сынаксыз кирүүгө укуктуу болот.
Мыйзам долбоорунда "Акылман" лицейин бүткөн окуучулар ЖОЖго окуу жайдын менчигине карабай жалпы республикалык тесттин жыйынтыгысыз кабыл алынары жазылган. Ал эми "Эл үмүтү" стипендиясы менен жогорку окуу жайларын окуп келген бүтүрүүчүлөр кадр резервине сынактан тышкары тартипте киргизилет.
Мыйзамдын максаты жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн "Акылман" лицейинин жана "Эл үмүтү" президенттик программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан таланттуу жаштарды мындан ары да колдоо жана дем берүү болуп саналары айтылган.
Бул мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатканда депутат Дастан Бекешев бүтүрүүчүлөрдү сынактан тышкары кабыл алуу башка абитуриенттердин укуктарын чектей турганын айтып, муну менен катар "Акылман" лицейинин жана "Эл үмүтү" президенттик программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан таланттуу жаштарды мамлекеттик кызматка гана эмес, башка тармактарга да, мисалы мектептерге жумушка орноштурууну сунуштаган. Эл өкүлү Исхак Масалиев бир мектептин бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө шарт түзүп берүү теңсиздикти жаратарын айткан.