Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева 13-мартта Литванын Кыргызстандагы элчиси Эгидиюс Навикас менен жолугушту.
Анын жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтык (анын ичинде Европа Биримдигинин программаларынын алкагында өз ара аракеттенүүнү, Twinning долбоорун ишке ашырууну жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү) маселелерин талкуулашты.
Министрлик жолугушууда билим берүү процессин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу максатында Литвадан мугалимдерди Кыргызстанга билим берүү мекемелерине жиберүү перспективаларына көңүл бурулганын билдирди.
Жыйынтыгында билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиги тастыкталды.