Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 13-мартка карата 8 миллиард 676 миллион куб метрди түздү. Мындай маалымат "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтында көрсөтүлөт.
Ал эми суунун агып келиши секундасына 203 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 316 куб метрди түзүүдө.
Эске салсак, бир ай мурун Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 414 миллион куб метрди түзгөн.