Пекинде Кытай, Орусия, Иран өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды

Пекин шаарында Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюй, Орусия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабадинин катышуусунда жолугушуу башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Тараптар талкуулай турган башкы маселе Ирандын өзөктүк программасы болмокчу. Андан сыркары үч өлкө Батыштын Тегеранга каршы киргизген санкцияларын алып салуунун жолдорун караштырат.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-мартта АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган каты жеткен.

2015-жылы Британия, Германия, Кытай, Орусия, АКШ, Франция жана Иран өзөктүк келишимге жетишип, Тегеранга салынган санкциялар жеңилдетилген. 2018-жылы Трамп президенттигинин биринчи мөөнөтүндө келишимден чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишимдеги милдеттенмелерден акырындык менен баш тартып, өзөктүк изилдөөлөрдү жана уранды байытууну жанданта баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан