Жеңишбек Токторбаев таңкы рейдде Көкүмбий көчөсүн иретке келтирүүнү тапшырды

Бүгүн, 14-мартта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы кыдырууну калаадагы Көкүмбий көчөсүндө улантты.
Шаар мэриясы кабарлагандай, мэр аталган көчөнүн абалы менен таанышып, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Ага ылайык, калаа башчысы кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды, мыйзамсыз орнотулган тосмолорду алуу, аталган аймакты эскирип, каралбай калган бадал, дарактардан тазалоо, көп кабаттуу үйлөрдүн, соода түйүндөрдүн сыртын боёп, оңдоп-түзөө жана бирдиктүү көрүнүшкө келтирүүнү тапшырды.
Андан кийин мэр «Жапалак» унаа базарына барып, ага канал аркылуу өтүүчү көпүрөлөрдү куруу, башаламан жайгашкан дүкөндөрдү, коомдук тамактануучу жайларды жана административдик имаратты иреттеп, бир калыпка келтирүү боюнча тапшырмаларын койду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан