"Мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

Бишкектеги "Ынтымак ордодо" бүгүн, 14-мартта "Мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, сынактын алкагында айыл өкмөттөрү эки топко бөлүндү: биринчи топ – алыскы, барууга кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айыл өкмөттөрү, экинчи топ – биринчи топко кирбеген бардык айыл өкмөттөр.

Биринчи тайпада жеңүүчүлөр: 1-орун – Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтү (3 миллион сом), 2-орун – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтү (2 миллион сом), 3-орун – Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтү (1 миллион сом).

Экинчи тайпада жеңүүчүлөр: 1-орун – Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү (3 миллион сом), 2-орун – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтү (2 миллион сом), 3-орун – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтү (1 миллион сом).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан