WhatsApp социалдык тармагында массалык башаламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, ал «Элге акыйкат керек», «Айта берем, кайта берем», «Кыргыз коому», «Саясат, талкуу ,ой-пикир», «Кыргызстан аңга баратат», «Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!» аталышындагы WhatsApp топторунун администратору болгон.
"Тактап айтканда, К.М.М. аталган мессенжерде ар кандай топторду түзүп, республикадагы коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү жолу менен массалык башаламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаганы аныкталган. Ошондой эле К.М.М. 2024-жылдын 17-майынан 18-майына караган түнү Бишкек шаарында болгон массалык башаламандыктарды уюштурууга түздөн-түз тиешеси бар.
Мындан тышкары көрсөтүлгөн мөөнөттө К.М.М. WhatsApp аркылуу “Бирик кыргыз” жана “Манас атанын урпактары” топторун негиздеген, ал аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды тараткан", - деп билдиришти УКМКдан.
К.М.М.га карата УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
"Учурда жогоруда аталган топтордун башка администраторлорунун жана активдүү катышуучуларынын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюуга багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда. УКМК массалык башаламандыкка коомдук чакырыктар үчүн кылмыш жоопкерчилигин эскертет, бул үчүн мыйзамда кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган", - деп кошумчалашты атайын кызматтан.