
Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун бүгүн, 14-марттагы жыйынында билим берүү жана илим министри
Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине тартылбай турганын билдирди.
Министрдин айтымында, мугалимдердин негизги милдети - сабак берүү жана билим берүү процессин уюштуруу.
Министр ошондой эле республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук ондоп-түздөөгө 401 миллион сом бөлүнүп жатканын билдирди. Буга чейин материалдарды жана товарларды гана сатып алуу каралса, мындан ары утурумдук оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү кызматтарын дагы каржылоо каралат.
Бул боюнча бардык билим берүү башкармалыктарына кат жөнөтүлгөнүн, тапшырма берилгендиги кошумчаланды.
Мындан тышкары министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короону шыпыруу сыяктуу иш-чараларга тартуу мыйзамсыз экенин белгиледи.