Кийинки жылдан тарта пенсияга чыгуу үчүн эмгек стажы өзгөрөт 

Кыргызстандык жарандар 2024-жылы өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, беш жылдык эмгек стажы менен пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда 58 жашка толгон аялдар жана 63 жашка толгон эркектер 5 жылдык эмгек тажрыйбасы менен пенсия алууга укуктуу. Буга чейин пенсияга чыгуу үчүн аялдарда 20, эркектерде 25 жылдык стаж талап кылынган.

"Былтыр 10-майдан тарта мыйзамга өзгөртүүлөр кирген. Мурда 58 жашка чыккан аялга 20 жыл эмгек стажы талап кылынса, азыр 5 жыл. Ошондой эле 63 жашка чыккан эркектерге дагы 5 жыл гана эмгек стажы талап кылынат. 5 жылдык минималдык стаж деген талап 2024-жылдын 1-июлунан 2025-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тарта минималдык стаж 6 жыл болот. Бул жыл сайын бир жылдан кошулуп отуруп, 2045-жылы 20 жыл болуп калат", - деди ал.

Ошондой эле Мукамбетов мурда эмгек стажы жетпеген учурда мамлекет тарабынан берилген пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнбөгөнүн, ал эми азыркы тапта 5 жыл эмгек стажы бар жашы жеткендердин баарына толук пенсия бериле турганын айтты.

"Союз жоюлгандан кийин көпчүлүгүндө ар кандай жагдайлардан улам эмгек стажы жок болуп калган. Пенсияга чыккан учурда мамлекет тарабынан толук эмес пенсия берилип келген. Мисалы, мурда 20 жыл талап кылынса, аял кишиники 10 эле жыл болуп калса анда пенсиянын жарымын, тактап айтканда, 3170 сомдон 1585 сом эле төлөнүп келген. Мындан улам былтыр толук эмес пенсия деген статья толугу менен жокко чыгарылды. Азыр андай жок, эмгек стажы 5 жыл болгон, 58 жашка чыккан аялдар жана 63 жашка толгон эркек жарандарыбыз пенсияга чыкканга укуктуу", - деп билдирди Мукамбетов.

Жеңиш Мукамбетов маалымдагандай, 5 жылдык эмгек стажына: жогорку окууда окуган диплому барлар, ишсиз катары каттоодо туруп, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандар, майып балдарын баккандар жана балдары менен үйдө отурган учурлар эмгек стажына кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан