Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 15-17-мартта Орусияга мамлекеттик иш сапар менен барат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
Рахмон менен орус кесиптеши Владимир Путин эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча бир катар маселелерди талкуулашмакчы. Ошондой эле жолугушууда бир нече документтерге да кол коюлары күтүлүүдө.
Эске салсак, коңшу өлкөнүн лидери Бишкекке мамлекеттик сапар менен 12-13-март күндөрү келип кетти.