Сириянын батышындагы куралдуу кагылышуулардан улам бир нече миң сириялык Ливанга качууга аргасыз болду. Бул тууралуу The Washington Post гезити жазды.
Басылма аймактагы кырдаал курч бойдон экенин, андыктан Ливанга качкындардын агымы күчөп жатканын белгилеген.
Эске салсак, 6-мартта Латакия, Тартус провинцияларында Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын тарапташтары менен жаңы бийликтин ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган.
Акыркы маалыматтарга караганда, кырдаал курчугандан бери мурдагы президенттин куралдуу 250 жактоочусу жок кылынса, жаңы бийликке караштуу күч түзүмдөрү 231 согушкеринен айрылган. Карапайым калктын арасында каза болгондордун саны 800дөн ашты. Алардын көбү диний азчылыкты түзгөн алавиттер жамаатынан.