Бишкек шаарында 17-мартта жылуулук берүү токтотулат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, мындай чечим күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды. Ошондой эле жылуулук тармагындагы баардык ишканаларга тапшырмалар берилди.
Айта кетсек, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Бишкек ЖЭБ жана "Бишкек жылуулук энерго" филиалдарынын мүлк комплекстери мэриянын балансына өткөрүлгөн.