Бүгүн, 14-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков аймактардагы башкармалыктардын башчылардынын катышуусунда кеңешме өткөрдү. Бул туурасында ЖКККББнын басса сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жыйында жол унаа кырсыктарын алдын алуу, кызматтык тартип жана мыйзамдуулук, ошондой эле өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча тапшырмалар коюлду.
"Кеңешмеде аймактардагы жол белгилеринин жана жол чийиндеринин бүгүнкү күндөгү абалы каралып, аныкталган кемчиликтер боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, тийиштүү кызматтарга орундатуу үчүн берилген сунуштардын жыйынтыктары каралды. Ошондой эле кызматкерлердин кызмат өтөө тартибин көзөмөлдөп жаткан төш камераларынын ишмердүүлүгү, алардын иштөө тартиби каралып, төш видео көзөмөлдөрү аркылуу аныкталып жаткан тартип бузуу фактыларына кызматтык териштирүү иштерин жүргүзүү багытында жер-жерлердеги ЖКККББнын бөлүмдөрүнө тапшырмалар коюлду", - деп айтылат маалыматта.