Бишкекте көчөдө эки адамдын мушташып жаткан видеосу тарады. Аларды дагы эки киши арачалап жүргөнүн көрүүгө болот.
Видеодон окуя Ош базарда болгонун жана мушташка катышкан үч жаран “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын формасын кийип жүргөнүн байкоого болот.
Белгилей кетсек, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын контролер-инспекторлору калаадагы көчөлөрдө эреже бузуу менен жолду кесип өтүп жаткан шаар тургундарына эскертүү берип, айдоочуларды унааларын аялдамага токтотпоого жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежесин сактоого чакырып жүрүшкөн.