Орусиянын Пермь облусунда бир катар негизги тармактарда мигранттардын иштөөсүнө тыюу салынат. Тиешелүү жарлыкка облустун губернатору Дмитрий Махонин кол койгонун ТАСС билдирди.
Документке ылайык, патенттин негизинде иштеген чет элдик жарандарга экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар түрлөрү боюнча эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынат. Тактап айтканда, мигранттарга шаар ичиндеги, шаар аралык автобустардын, жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилердин, ижарага алынган автоунаалардын жана кооптуу жүктөрдү ташууга арналган унаалардын айдоочусу болуп иштөөгө тыюу салынат.
Бул чаралар Орусиянын жарандары үчүн артыкчылыктуу ишке орношуу укуктарын камсыз кылууга, ошондой эле аймактын экономикасынын негизги тармактарында коопсуздукту жакшыртууга багытталган.
Чектөөлөр мунай жана аны менен байланышкан газ өндүрүү, мунай продуктуларын өндүрүү, суусундуктарды жана тамеки буюмдарын сатуучу дүкөндөрдөгү чекене соода, ошондой эле транспорт кызматтары сыяктуу тармактарга таасирин тийгизет.