Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ менен мамилени калыбына келтирүү чөйрөсүндөгү кырдаал алдыга жыла баштаганын айтты. Бул туурал уу Риа Новости жазды.
Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен видеоконференция аркылуу жолугушууда Путин АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Орусия менен мамилени калыбына келтирүү үчүн бардыгын жасап жатканын айтты.
"Жалпысынан кырдаал өзгөрө баштады окшойт. Мындан эмне болорун көрөлү", - деди Путин.