Милиция Бишкектеги мушташ боюнча үн катты

Бишкектин Ленин райондук милициясы бүгүн, 15-мартта “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын кызматкери менен айдоочу мушташкан окуя боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, 14-мартта милицияга калаа тургуну арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен 15:00 чамасында Ош базарындагы "Кыял" соода борборунун алдында белгисиз адам менен жолдон уруш чыгып, натыйжада денесинен жаракат алганын билдирген. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери окуянын бардык катышуучуларын ошол эле күнү аныктап, милиция бөлүмүнө жеткирген.

Териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаранга Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, материалдар сотко жөнөтүлдү.

Буга чейин Бишкекте көчөдө эки адамдын мушташып жаткан видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан