ТИМ дипломатиялык кызматтагы бош орундарды ээлөөгө ачык сынак жарыялайт

Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык кызматтагы бош орундарды ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Бош орундардын тизмеси:

1. Экономикалык дипломатия департаментинин үчүнчү катчысы;
2. Кадрдык саясат бөлүмүнүн үчүнчү катчысы;
3. Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана көзөмөлдөө департаментинин башкы адиси;
4. Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана көзөмөлдөө департаментинин адиси;
5. Төртүнчү саясий департаменттин атташеси;
6. Консулдук департаменттин атташеси;
7. Эл аралык укук департаментинин атташеси;
8. Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (иштөө пункту - Баткен шаары);
9. ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (иштөө пункту - Жалал-Абад шаары);

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

1. арыз [жүктөп алуу] (бош кызмат ордун жана тестирлөө тапшыруу үчүн чет тилин так көрсөтүү менен);
2. сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
3. өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
4. резюме;
5. 3х4 өлчөмдөгү сүрөт (2 д.);
6. паспортунун көчүрмөсү (ID);
7. зарыл болгон кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык түрдө же иштеген жери боюнча кадрлар башкармалыгынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификацияны жогорулатуу, илимий даражаны ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөсү).

Сынакка катышуу үчүн документтер көктөмөгө тиркелип, ТИМдин Кадрдык саясат бөлүмүнө конкурсант тарабынан Бишкек шаары, Абдумомунова к., 207. дереги боюнча берилиши зарыл. Документтер 14-марттан 28-мартка чейин иш күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат (түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин). Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87, 66 52 59 телефондору аркылуу, ТИМдин www.mfa.gov.kg жана Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg расмий сайттарынан тактоого болот.

Эскертүү: талаптарга жооп берген конкурсанттар сынакка катышуу үчүн чакырылат, андыктан байланышуу үчүн колдонуудагы электрондук почта дарегин берүү зарыл. Сынак боюнча маалымат электрондук дарекке жиберилет жана ТИМдин www.mfa.gov.kg расмий сайтына жүктөлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан