Учурда СМА оорусу менен алышып жаткан Хамза аттуу эки жашар наристеге керектүү каражат чогулуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта кайрымдуулук иш-чарасынын уюштуруучулары маалымдады.
Бирок кайрымдуулук иш-чарасы муну менен токтобойт, каражат чогултуу улантылат. Себеби так эле ушундай оору менен жабыркаган 9 айлык Аслан аттуу наристеге акча топтолууда.
Учурда активисттер жана ыктыярчылар өлкө боюнча жер-жерлерде акча чогултууда. СМАга каршы бир уколдун (Золгенсма) баасы 170 миллион сом турат.
Асланга жардам берүү үчүн реквизиттер: