17-марттан тарта Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинин Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат.
Калаа мэриясынан билдиргендей, Айтматов проспектиси - Масалиев проспектиси, Айтматов проспектиси-Семетей көчөсү кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Буга байланыштуу жогоруда аталган тилкеде эки автобустук каттамдын кыймылы өзгөрөт. №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймылы убактылуу Садырбаев (Бах) көчөсүнө которулат.